Миграциялык каттоого кайсы жерде турууга болот?
Миграциялык каттоого мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көп функционалдуу борборлорунан (КФБ), Россиянын ИИМнин миграция суроолору боюнча аймактык бөлүмдөрүнөн (жашаган жери боюнча), ошондой эле Россия Почтасы боюнча кабарлама жөнөтүү аркылуу турууга болот.
Чет жердик жаранды миграциялык каттоого тургузуу ишке ашырылат:
1️⃣ чет жердик жаран учурда жашап жаткан турак-жайдын дареги боюнча.
2️⃣ ал бекитилген тартипте эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан уюмдун дареги боюнча, эгер ал уюмдун дареги боюнча учурда жашап жатса.