Главная В помощь мигранту ВПП ООН Үй шартында биогумус өндүргөн Тинатин

Үй шартында биогумус өндүргөн Тинатин

Алыскы тоолуу аймактардын бири болгон Кашка_Суу аймагында Тоолуу аймактардагы тамактануу коопсуздугун жакшыртуу долбоорунун алкагында өз ара жардамдашуу топтору түзүлө баштады. Кирешелүү жана тамак аш коопсуздугуна байланыштуу биогумус өндүрүү тобу да түзүлдү. Алардын ичинде эң жаш мүчө болуп 23 жаштагы Тина аттуу жаш келин да бар эле.

Алыскы тоолуу аймактардын бири болгон Кашка_Суу аймагында Тоолуу аймактардагы тамактануу коопсуздугун жакшыртуу долбоорунун алкагында өз ара жардамдашуу топтору түзүлө баштады. Кирешелүү жана тамак аш коопсуздугуна байланыштуу биогумус өндүрүү тобу да түзүлдү. Алардын ичинде эң жаш мүчө болуп 23 жаштагы Тина аттуу жаш келин да бар эле.

Башка айылда жашаганына карабай: «Мен ушул биогумус өндүрүүгө аябай кызыгамын, келечекте органикалык азыктарды өндүрүп , үй бүлөмдү таза азыктар менен камсыз кылгым келет, ошондой эле кошуналарга да тажрыйба бөлүшүп, туура тамактанууга үгүттөймүн. Сабактарга үзгүлтүксүз катышамын» — деп суранып атып кошулган. Жаштардын туура тамактанууга аракети бар экени сүйүндүрдү.

Өзү убада кылгандай эле ар бир сабакка үзгүлтүксүз катышып, тренердин берген тапшырмаларын так, убагында аткаруу менен сөөлжанды багууну жакшы өздөштүрдү.

Башында өзу жаңы эле башка айыл өкмөттөн келин болуп келген жаш келин болгондуктан кайынэнеси бир аз окууга катышуусуна каршы болуп жатты. Бирок ошончолук окууга болгон кызыгуусу күчтүү болгондуктан, аракет менен катышып атты. Быйыл биогумусту өндүрүп, жаз алды менен ар түрдүү жашылчалардын сапаттуу үрөндөрүн алып, биогумус менен өндүрүп, жакшы түшүм алуу менен үй-бүлөсүнүн ден соолугун чыңдоо менен бирге ашыкчасын сатуу менен кирешесин да кыйла көтөрүп алуу мүмкүнчүлүк болот деген пландары бар. Азык түлүк программасынан окууга катышкандыгы учун ун май алгандан кийин каршы болгон кайын журту да колдоп калганын айтып кубанычы менен бөлүштү.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Калктын аярлуу топторун колдоо» долбоорунун алкагында жергиликтүү коомчулук социалдык маанидеги долбоорлорго, жергиликтүү жамааттардын атынан долбоордук сунуштарды колдоого жана даярдоого, долбоордук иштердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана долбоорду ишке ашыруу боюнча маалыматтарды чогултууга мобилизацияланат.

Ошондой эле социалдык маанидеги долбоорлор аяктагандан кийин Фонддун мобилизаторлору долбоордун катышуучуларына 3 кап ун жана 15 литр өсүмдүк майы өлчөмүндө азык-түлүк жардамын бөлүштүрүүгө жардам беришет.

, , , , , , ,