Главная В помощь мигранту Миграция Россия Студенттер үчүн миграцияга чейинки даярдык тренинги өткөрүлдү

Студенттер үчүн миграцияга чейинки даярдык тренинги өткөрүлдү

Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин Карабаев Нурсултан жана Азамат Дамиров активисттери студенттер үчүн миграцияга чейинки даярдык тренинги өткөрүштү.

Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин Карабаев Нурсултан жана Азамат Дамиров активисттери 29 сентябрь күнү Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин студенттери үчүн “Эмгек укуктары,миграцияга чейинки даярдык, чек арадан мыйзамдуу түрдө өтүү, полиция менен туура мамиле кылуу, адам сатуунун курмандыгы болуп калуудан кантип сактануу керек?” деген темада тренинг өткөрүштү.

Тренингке 78 студент катышышты.