Главная В помощь мигранту Миграция Россия Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 10 кадам

Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 10 кадам

Эмгек миграцияга жөнөп жатсаңыз 10 кадам бул: Полиция кызматкерлери алдында өзүн алып жүрүү

Эмгек миграцияга жөнөп жатсаңыз 10 кадам бул: Полиция кызматкерлери алдында өзүн алып жүрүү

Полиция кызматкерлеринен коркпоо зарыл, бирок алар менен сүйлөшүүдө өз укугуңузду билишиңиз керек.
1. Сизге полицейский кайрылганда төмөнкүлөрдү билдирет:
— аты-жөнүн, кызматын, наамын;
— Сиздин талабыңыз боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтөт
— Документтерди текшерүү максатын жана себебин түшүндүрөт («Полиция жөнүндөгү» Мыйзамдын 5-статьясы, 4-пунктуна ылайык).

Полиция кызматкерлери тарабынан документтерди текшерүү негиздүү түрдө төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) Сиз мас абалында же эс учуңузду жарым жартылай жоготкон абалдагы оорулуу болсоңуз;
2) Полиция кызматкеринин көз алдында кандайдыр-бир административдик укуктук бузууларга жол берсеңиз (административдик укуктук бузууларга шек санаса, анын ичинде миграциялыкка мүмкүн эмес! Ошондуктан, полицейский “Сиз Россияда мыйзамсыз жүргөнүңүздөн” шек саноосу мүмкүн!);
3) Сиз полиция курчоо аймагынына кирип барсаңыз же коргоого алынган полиция мекемесине бастырып барсаңыз;
Эсиңизде болсун – пара берүү кылмыш иши болуп саналат (полицейскийге гана эмес, пара бергенге да кылмыш иши козголот)!

Полицейскийге акча бербеңиз!