Главная В помощь мигранту Миграция Россия Эмгек кулчулугуна түшүп калбоонун аракеттери:

Эмгек кулчулугуна түшүп калбоонун аракеттери:

Негизинен начар билими бар адамдар гана заманбап кул соодагерлеринин түйүндөрүнө кирип кетет деген ЖОМОК.

  1. Өлкөдөн чыгып кетерден мурун, чет өлкөлүк жумуш берүүчү менен эмгек келишимине кол коюңуз, иштөө визасын жана тиешелүү уруксаттарды алыңыз;

2. Алдын ала Кыргызстандын жакынкы элчилигинин же консулдугунун, ошондой эле сиз барууну пландап жаткан өлкөдөгү мигранттарга жардам көрсөтүүчү уюмдардын байланыш маалыматын таап, жазып алыңыз;

3. Маанилүү документтердин эки көчүрмөсүн жасаңыз: улуттук жана чет өлкөлүк паспорттор, идентификациялык код, медициналык камсыздандыруу полиси, виза, эмгек келишими жана башкалар. Бир нускасын өзүңүз менен алып, экинчисин чыныгы сүрөтүңүз менен бирге жакындарыңызга калтырыңыз;

4. Чет өлкөдөгү жумушка орноштуруу агенттиги лицензияга ээ болушу керек. Көӊүл буруӊуз!
✅Ишке орноштуруу агенттиги жөнүндө маалыматты КР ТИМинин ТМД МКБсынын www.migrant.kg сайтынын жеке менчик ишке орноштуруу агенттиктери бөлүмүнөн текшериңиз. Ал бөлүмдөн сиз КР жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга уруксаты бар ишке орноштуруу агенттиктеринин тизмесин карай аласыз.

5. Эмгек келишими туура которулганын жана бүдөмүк сөздөрдү камтыбаганын текшериңиз. Иштөөнүн бардык шарттары так болушу керек: милдеттери, иш тартиби, эмгек акы, ден соолук жана социалдык камсыздандыруу, эс алуу жана эс алуу күндөрү;

6. Турган жериңиз боюнча туугандарыңызга толук маалыматты калтырып, саякаттын бардык деталдары жөнүндө айтып бериңиз. Алар менен байланышта болуңуз, жайгашкан жериңиздин өзгөргөнүн дароо билдириңиз.