Эмгек миграцияга жөнөп жатсаңыз 8 кадам бул: Медициналык камсыздандырууга ээ болуңуз!
Эмгек миграцияга жөнөп жатсаңыз 8 кадам бул: Медициналык камсыздандырууга ээ болуңуз!
✅Сиз милдеттүү түрдө келген жериңизге карап каалаган камсыздандыруу уюмдары аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (ММК) алууңуз зарыл. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жок, эмгек келишимин түзүүгө болбойт!
🔸Эгер Сиз милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин РФ аймагына кирген күнгө чейин албаган болсоңуз, кирген күндөн алсаңыз туура. Аталган полисти түзүүдө Сиз жашаганы жана эмгектенгени жаткан аймактагы каалаган камсыздандыруу уюмуна же Россия почта бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот. ММК полисинин мөөнөтү миграциялык каттоого тургандан тартып 3 ай болот. Эгер Сиз жумуш менен камсыз кылуучу менен эмгек келишимин түзсөңүз милдеттүү медициналык полисин (ММК) кошо аласыз.
▶️ММК жоктугунан улам Сиз административдик жоопко тартылуудан баштап, РФ аймагынан чыгарылууга чейин барышыңыз мүмкүн. ММК полисинин маалыматтары эмгек келишиминде көрсөтүлөт.
ММК полиси эмгектенип жаткан жарандын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн таанылбайт. Кыргыз Республикасынын жаранынын балдары ММК полисин алуу укугуна ээ эмес. Алар камсыздандыруу кампанияларынан ММК полисин сатып алат.