Главная В помощь мигранту Миграция Россия Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 7 кадам

Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 7 кадам

Сиз менен эмгек келишимин түзгөн тараптан милдеттүү түрдө аткарган иштер тууралуу корутундуну талап кылыңыз. Эгер жумуш берүүчү Сиз менен жазуу түрүндө келишим түзбөсө, анда тобокелчилик жана коркунуч бар

Жетинчи кадам: Эмгекке орношуу

Сиз менен эмгек келишимин түзгөн тараптан милдеттүү түрдө аткарган иштер тууралуу корутундуну талап кылыңыз. Эгер жумуш берүүчү Сиз менен жазуу түрүндө келишим түзбөсө, анда тобокелчилик жана коркунуч бар. Анткени, Сиз жумуш тарабынан   алданууга, эмгек эксплуатациясына  дуушар болууңуз мүмкүн, андыктан башка бир жумуш издегениңиз туура.   

Жумушка орношконуңузда Сизге тиешелүү болгон мөөр басылып, фамилияңыз жазылган бардык документтерди, уруксат кагаздарын, накладной, техникалык коопсуздук журналын жана иш графигин чогултууга аракет кылыңыз.  Жумуш жайыңыздан фото сүрөттөр, айлык алган учурдагы уадио жазуулар жана видеолор, тил каттар,  нөмөөттү тапшыруу учурундагы жеке күндөлүк – булардын баары айлык акыдан карыз болгон учурда эмгек укугуңузду коргоого жарайт.   

ЕАЭС-өлкөлөрүнөн эмгектенип жаткан жаран катары салык кызматынын бөлүмүнөн салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин алууну унутпаңыз (ИНН). 

Эмгек келишими менен иштөө аркылуу Сиз милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисине (ОМС) ээ болосуз.  Бул Сизге акысыз медициналык жардамды камсыздайт.   Бул үчүн камсыздандыруу боюнча медициналык уюмду тандаңыз – эрежеге ылайык бул аракетти жашаган жериңиз боюнча поликлиникада жүргүзөсүз.   Сизге паспорт, жекече камсыздандыруу номери (СНИЛС), эмгек келишими, миграциялык каттоого тургандыгы боюнча билдирүү көчүрмөсү керектелет.