Главная В помощь мигранту Миграция Россия Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 6 кадам

Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 6 кадам

Сиз турак жай ээси менен ижара боюнча келишимди түзгөндөн соң, жашап жаткан жериңиз боюнча миграциялык каттоого турууга кам көрүңүз.

Алтынчы кадам: Миграциялык каттоо

Сиз турак жай ээси менен ижара боюнча келишимди түзгөндөн соң, жашап жаткан жериңиз боюнча миграциялык каттоого турууга кам көрүңүз.    Бул иш-аракетти РФ аймагына кирген 30 күндүн ичинен эртерээк кылуу зарыл. Эгер жогорудагы мөөнөттөн 1 күн кечиксеңиз Сизди Россия Федерациясынын аймагына 5 жылга кирүүгө тыюу салып, үйгө депортация кылат.  

Бул үчүн Сиз жана батир ээси “Менин документтерим” көп функцианалдуу борборуна (МФЦ) же миграция маселелери боюнча райондук бөлүмдүн башкармалыгына келип, паспорт, миграциялык карта, турак жай менчигинин паспорту жна социалдык найм боюнча келишимдерди көрсөтүү менен “келгендигиңиз тууралуу билдирүү” толтурасыз.  

Миграциялык каттоону узартуу эмгек келишиминин мөөнөтүнө же аткарган иштердин келишимине ылайык алгачкы миграциялык каттоо сыяктуу жүргүзүлөт. 

Эн негизгиси Сиз өз келишимиңизге миграциялык кызматтын штампын тиркешиңиз керек.    Миграциялык кызматтын штампы жок болсо келишим жараксыз жана миграциялык каттоону узартуу мүмкүн эмес!