Главная В помощь мигранту Миграция Россия «Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин» жаш лидерлери

«Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин» жаш лидерлери

Бугун 14 июль 2021 жылы, Исфана шаарынын №48 Кесиптик-Техникалык Лицейинде «Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин» жаш лидерлери «Эмгек мигранттарынын миграцияга аттанууда даярдык көрүү” боюнча семинар өткөрүштү.


Семинарга мектеп бүтүрүүчүлөрү, миграцияга аттанган жаш мигранттар жана кайтып келген мигранттар катышты.

1)Россия Федерациясына миграцияга кантип даярдануу;
2)Билим берүү жана социалдык медициналык жардам алуу;
3)Жумушка орношуу жана эмгек укуктарын коргоо;
4)Реинтеграцияартка темалары боюнча бир катар маалыматтарды ала алышты.

Өлкөдөн чыгаар алдында миграцияга даярдануу, керектүү маалыматтарды билип алуу өтө маанилүү болуп саналат.

Эске сала кетсек 2021-жылдын 10 -14 июнь күндөрү Ош шаарында «Мигранттар Профсоюзунун» активисттери үчүн «Жаштардын профсоюздук активдүүлүгүн мотивациялоо» темасында жаштар лагери өткөн.


Жаштар лагерине Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы жаш профсоюз активисттери катышышкан.

Ал эми азыр, биздин жаш лидердер өздөрүнүн лидерлик жана лагер учурунда алган билими менен бөлүшүүдө.

Бул иш-чара «Солидарность» борборунун колдоосу менен «Инсан-Лейлек» коомдук фонду жана Мигранттардын Кесиптик Бирлиги тарабынан өткөрүлүп жатат.