Главная В помощь мигранту Миграция Россия Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 5 кадам

Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 5 кадам

Турак жайды ижарага алууда абайлаңыз, ижараны текшерүүдөн өткөн кыймылсыз мүлктөрдүн агенствосунан же болбосо сайттардан гана караңыз!

Россия Федерациясына баруучу эмгек мигранты үчүн 5 кадам:

Турак жайды ижарага алуу

Турак жайды ижарага алууда абайлаңыз, ижараны текшерүүдөн өткөн кыймылсыз мүлктөрдүн агенствосунан же болбосо сайттардан гана караңыз!

Турак жайдын ээси менен жазуу түрүндө келишим түзүңүз, келишимде турак жай ижарасынын мөөнөтү, бир айга болгон төлөм суммасы, батирдеги мүлктөр, алардын абалы жана Сиз менен чогуу жашай турган адамдардын аты-жөнү так көрсөтүлүүгө тийиш. Эгер жашоочулардын курамы өзгөрсө, жаңы жашоочулардын аты-жөнүн камтуу менен кошумча келишим түзүү зарыл. Ар бир ижара акысын төлөөдө, тийиштүү төлөмдү алгандыгы тууралуу батир ээсинен тил кат алууну унутпоо керек.

Эң жакшысы ижара акысын картасына которуу болуп саналат жана бул тууралуу батир ээсине которуулар тууралуу: “батирдин ижара акысы__ айы __жыл үчүн” –деген СМС жиберип коюу жетиштүү болот. Ижара берген батир ээсиенен Сизди миграциялык каттоого алуусун сураңыз.