Главная В помощь мигранту Миграция Россия Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 4 кадам

Россия Федерациясына эмгек миграцияга баруучуларга 4 кадам

4 кадам бул - Россия Федерациясынын чек арасынан өтүү.

4 кадам бул — Россия Федерациясынын чек арасынан өтүү.


Россия Федерациясынын чек арасынан өтүүдө миграциялык картаны толтурасыз, аны жекече кунт коюп, таза тыкан толтурууга аракет кылыңыз. Миграциялык карта А жана Б — эки бөлүгүнөн турат.


Миграциялык картаны толтуруу алдынан жеке маалыматтарыңызды так карап чыгыңыз, эгер бузуп алууга жол берсеңиз кийин оңдоого туура келбейт! А –бөлүгүн чек арачы алат, Б-бөлүгү Сиздин колуңузда калат. Аны эч качан жоготпоңуз!


Картаны толтурууда Сиздин Россияга келген чыныгы максатыңызды аныктаган графаны белгилеп коюңуз. “Келген максаты” графасында сөзсүз түрдө “жумуш үчүн” –деген жазуу керек. Кийин бул келгендеги максатты оңдоого мүмкүн болбой калат!