Өзүңүздүн аймактагы адистерден акысыз түрдө Россия Федерациясынын чек арасынан мыйзамдуу түрдө өтүү, миграциялык картаны толтуруу эрежеси, миграциялык каттоого туруу, полиция кызматкерлери менен мамиле кылуу, Россияда турак жайды ижарага алуу маселеси, жумуш издөө, жумушка орношуу жана эмгек укуктарынын негиздери боюнча кеңеш алганыңыз туура
Адистерден кеңеш алуу зарыл!
Өзүңүздүн аймактагы адистерден акысыз түрдө Россия Федерациясынын чек арасынан мыйзамдуу түрдө өтүү, миграциялык картаны толтуруу эрежеси, миграциялык каттоого туруу, полиция кызматкерлери менен мамиле кылуу, Россияда турак жайды ижарага алуу маселеси, жумуш издөө, жумушка орношуу жана эмгек укуктарынын негиздери боюнча кеңеш алганыңыз туура.
🔸Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында эмгек мигранттары үчүн акысыз укуктук жардамдарды көрсөткөн уюмдардын тизмесин http://migranty.org же http://kgmigrant.org сайтынан алсаңыз болот.
Же биздин директ ке кайрылып, акысыз консультация алыңыз.
🔸Россия Федерациясына жумушка орношуу үчүн тиешелүү болгон документтер тизмегин КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын http://ssm.gov.kg/ сайтынан жана 1899 түз байланыш телефонунан алсаңыз болот.
✅Ошондой эле сапарга чыгууда Сизге МигрАзия+ мобилдик тиркемеси жардам кылат. Мобилдик тиркемени Play Мarket аркылуу жүктөп алыңыз.