Менин “Мигранттардын Кесиптик Бирлигине” келишиме азыркы Бирликтин 1 - орун басары Разыкулов Акбар аба себепкер. “Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин” командасына кошулганыма 4 айдан ашты. Бидин бирликтин негизги максаты мигранттардын укугун ар кандай жагдайда коргоо
Биздин күчтүү командабыз менен тааныштырууну улантып жатабыз.
“Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин” Москва шаарындагы координатору Сулайманов Эркинбек Сулайманович.
“Мен Сулайманов Эркинбек Сулайманович 1981 жылы Кыргыз Республикасынын Баткен областы Лейлек району Кара- Суу айылында төрөлгөнмүн. 2 -класстан баштап Исфана шаарында Ю.А.Гагарин мектебинде, 5 — класстан N-1 чи гимназия мектебинде окуп бүттүм. 1999-2004 ж КПУ нун чет тилдер факултетинде окудум.
2005 жылы Москвага 1 жыл иштеп келем деп келип, ошол бойдон Москвада калып калдым. Кыргызстанга барып келип турам. 3 уул 1 кызым бар. Үй бүлөм да бул жакта. Учурда жеке ишкер, андан тышкары Лейлек Коомунун төрагасы, “Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин” Москва шаарындагы координатору , Адилет Кут кыймылынын мүчөсүмүн.
Менин “Мигранттардын Кесиптик Бирлигине” келишиме азыркы Бирликтин 1 — орун басары Разыкулов Акбар аба себепкер. “Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин” командасына кошулганыма 4 айдан ашты. Бидин бирликтин негизги максаты мигранттардын укугун ар кандай жагдайда коргоо. Ошондуктан биздин мигранттарга колдон келген жардамды, кеңешти берип келе жатабыз. Бизде өтө күчтүү мекенчил ага эжейлер, жаш активисттер жана юристерибиз бар. Командабыз буюрса кучтуу. Көптөгөн ийгиликтерге жана жетишкендиктерге жетебиз деп ойлоймун. Россиядабы, же башка мамлекет болобу мекендештер биригип, ынтымактуу болуп, бири бирибизди колдоп, жактап укуктарыбызды коргоп келишибиз керек.
Мамлекетибизде тынчтык болсун. Ар бириниздерге бекем ден соолук, үй бүлөңүздөргө бактылуулук жана иштериңиздерге ийгилик . Урматым менен Эркинбек Сулайманович.”