Жашы жете электердин камкорчусу жана көзөмөлчүсү болууну каалаган адамдар төмөнкү документтерди тиркөө менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын (Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги) аймактык бөлүмүнө кайрылышат:

паспорттун көчүрмөсү (же башка инсандыгын ырастоочу документ);
нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эгер никеде болсо);
жубайынын камкорчулукка же камкордукка алууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде болсо);
үй-бүлөнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен маалымкат;
соттуулуктун жоктугу, алынып салынганы же жокко чыгарылгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынын маалымкаты;
үй-бүлөлүк кирешенин туруктуу булагы бар экендигин тастыктаган документ (кызматы жана эмгек акысы көрсөтүлгөн иштеген жеринен маалымкат, ишкердик ишмердүүлүктөн түшкөн кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын маалымкаты) дыйкан чарбасынын менчигиндеги жер үлүшүнүн, малдын жана башка мүлктүн болушу жөнүндө);
камкорчу болууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолугунун абалы жөнүндө мамлекеттик дарылоо-профилактикалык жана медико-социалдык уюмдун оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутундусу;
иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмөлөр;
толук өмүр баян.