Главная В помощь мигранту Миграция Россия Легалсыз миграциянын кесепети

Легалсыз миграциянын кесепети

Интернет, рекламалар кызыктуу чет өлкөдө жумуш сунуштары менен каптап жатат. Жумушсуздарга жакшы шарттар жана татыктуу, дээрлик жумалык маяналар убада кылынат. Чындыгында, көп учурда бардыгы тескерисинче болуп кетишет: иш оңой эмес, ал эми киреше аз. Айрымдары адам сатуунун курмандыгы болушат.

❗️Интернет, рекламалар кызыктуу чет өлкөдө жумуш сунуштары менен каптап жатат. Жумушсуздарга жакшы шарттар жана татыктуу, дээрлик жумалык маяналар убада кылынат. Чындыгында, көп учурда бардыгы тескерисинче болуп кетишет: иш оңой эмес, ал эми киреше аз. Айрымдары адам сатуунун курмандыгы болушат.

❗️Азыр дүйнөдө легалсыз миграция көйгөйү өзгөчө курч мүнөзгө ээ болууда. Кыргызстан үчүн бул көйгөйдүн курчтугу экономикалык өнүгүү, географиялык жактан мигранттар багыт алган өлкөлөр ортосунда жайгашуу, мамлекеттердин мыйзамдары менен визалык режимдеринин шайкешсиздиги, КМШнын бир катар өлкөлөрү, айрыкча Россия менен визасыз режимге байланыштуу мамлекеттик чек аралардын начар кайтарылгандыгы менен шартталат. Маалыматтык камсыздоонун чабалдыгы да олуттуу көйгөй болуп саналат.
Көптөгөн өлкөлөрдүн миграциялык саясатында катаал кесиптик тандоо жана квоталоо, мигранттардын легалдуу кирүүсүнө тоскоолдук жараткан бир катар бюрократиялык амалдар бар. Ал эми бул жагдай мигранттарды кул кылуу үчүн мыйзамсыз ташыган трансулуттук топтордун адамдарды сатуусуна жана эксплуатациялоосуна алып келиши мүмкүн

❗️АДАМ САТУУ жеке адамды ТОВАР болууга мажбурлаган трансулуттук уюшулган кылмыштык ишмердүүлүк. Бул товар жансыз зат катарына теңдештирилип, аны сатып алууга, сатууга, сыйлоого, алмаштырууга ж.б. мүмкүн болот. Ага карата менчик укугунун атрибуттары колдонулуп калат.