Миграция саны

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адындагы Мамлекеттик миграция кызматынын официалдуу билдирүүсү боюнча 2020-жылга карата Кыргызстандын жарандарынан эмгек миграциясында жүргөндөр 780 миң жаранды түзөт

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын жарандары эмгек миграцияга өлкөдөн чыгып кетишет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адындагы Мамлекеттик миграция кызматынын официалдуу билдирүүсү боюнча 2020-жылга карата Кыргызстандын жарандарынан эмгек миграциясында жүргөндөр 780 миң жаранды түзөт.

РФ ИИМ миграция боюнча башкы башкармалыгынын билдирүүсү боюнча Кыргызстандан 686 миң жаран эмгек миграциясында жүрөт. – бул миграциянын 91,2% түзөт. Россияга эмгек мигранттарын тартуунун негизги фактору анын КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу экономикалык артыкчылыгы болуп эсептелинет.

Баалоо маалыматтарына ылайык Казакстанда – 25 миң – 2,9% түзөт, Турцияда -30 миң-3,5%, ал эми жакынкы чет өлкөдөгү (Европа, АКШ, жакынкы Чыгыш, Азия ж.б. ) башка мамлекеттерде- 20 миңден ашуун жарандарыбыз — 2,4% миграцияда жүрөт.

Эмгек мигранттарынын Кыргызстандан кетишинин негизги факторлору республиканын эмгек рыногунун кризистик абалы, жетиштүү сандагы жумуш орундарынын жоктугу, иштеген калктын эмгек акысынын төмөндүгү, эмгекке жарамдуу калктын өсүшү болуп саналат өлкөнүн өнүкпөгөн эмгек рыногуна чоң жүк болуп эсептелинет.

Практика көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө Кыргызстандан эмгек миграциясында, негизинен, 15-29 жаштагы жаштар орто мектепти аяктагандан кийин кетип жатышат. Эмгек мигранттарынын орточо жашы 30,6 жаш.