Главная В помощь мигранту Миграция Россия Москва шаарындагы «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун жана «Мигранттардын кесиптик бирлигинин» активисттери менен жолугушуу

Москва шаарындагы «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун жана «Мигранттардын кесиптик бирлигинин» активисттери менен жолугушуу

2021-жылдын 1 жана 2-майында долбоордун тобу "Инсан-Лейлек" коомдук фонду жана Мигранттардын Кесиптик бирлиги активисттер менен жолугушту.

2021-жылдын 1 жана 2-майында долбоордун тобу «Инсан-Лейлек» коомдук фонду жана Мигранттардын Кесиптик бирлиги активисттер менен жолугушту. Жолугушууга Москва шаарынын жана Москва облусунун 14 активисттери жана диаспоралык уюмдары (Дүйнөлүк кыргыздардын конгресси, Кыргыз Биримдиги, эмгек мигранттары, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин мигранттарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Доорбек Абдуразаков, консулдун орун басары Москва шаары Айеркен Исматов: Жалпысынан 80 адам катышты.

Төмөнкү маселелер талкууланды:

  • укук коргоочулардын потенциалын күчөтүү;
    -мигранттардын укугун коргоо жана мигранттардын активдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Инсан-Лейлек» КФ жана Мигранттардын кесиптик бирлиги менен диаспора уюмдарынын кызматташуусу;
  • -Россия Федерациясындагы Профсоюз мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн жогорулатуу;
  • -Профсоюздун 2 — съездине даярдык көрүү;
  • -Россия Федерациясындагы Профсоюздун мүчөлөрүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө активисттердин отчету;
  • Мигранттарды онлайн режиминде өз укуктарын коргоо боюнча окутуу;
  • Мигранттар учурда кандай көйгөйлөргө туш болушат?;
  • Аларга кантип жардам берүү керек жана алардын укуктарын коргоо үчүн кандай ыкмаларды колдонуу керек.

Талкуудан кийин активисттер үчүн мигранттарга жардам көрсөтүү механизмдери боюнча чакан тренинг өткөрүлдү.