Чоң үй-бүлөнүн эң уулусу болуп, ини-карындаштарын карашып, Баткен шаарындагы базарда сатуучуларга жардам берип, кичине болсо да ата-энесине жардам берип келет.
Курбанбек уулу Майрамбек — Баткен областынын Worldskills-KG кыймылын жаш мүчөсү. Майрамбек Баткен районунун Бужум айылынын тургуну, 19 жашта.
Азыр Баткен шаарындагы Кесиптик-Техникалык лицейинин 3чү курсунун студенти. Worldskills-KG кыймылын “Өз-бизнесиңди түптө” борборуну жаңы эле ачылып, өз бизнесин ачууга жана миграциядан жабыркаган аярлуу топтордун кирешесин көбөйтүүгө багытталган экономикалык туруктуу кыска мөөнөттүү кесиптик окутуу курстарын окуп келип, жана көптөгөн уюштурулган мастер-класстарына катышып келет.
Чоң үй-бүлөнүн эң уулусу болуп, ини-карындаштарын карашып, Баткен шаарындагы базарда сатуучуларга жардам берип, кичине болсо да ата-энесине жардам берип келген.
Биздин бир жолугушуубузда, алдыга койгон максаттары, пландары менен бөлүшүп, кыргыздын улуттук суусундуктарын жасап, сатууну каалыганын билдирген.
Майрамбектин алдыга койгон максатын ишке ашырууга жардам көргөзгүбуз келип, кыргыз улуттук суусундук сактагычтан (термос) 2 даана алып берип, сатууга баштап кетүү үчүн көмөк көрсөтүп, консултация берип ачты.
Азыр Майрамбек жай-жаз-күз мезгилдери, базардын четинен, киши көп өтүлгөн жерин тандап алып суусундуктарын сатып жатат.
Өзү билдирип кеткендей: “Өзүңуздөр билгендей, бизде Баткен шаарында аябагандай күн катуу ысыйт, ошол мезгилде, көбүнчө базар жакта суусундукка болгон талап күч. Үйдөн кечкисин апам менен, бүт үй-бүлөбүз менен жасап, эрте менен эрте жумушка чыгып сатам. Талап көп, баары жактырышат. Азыр орозо айы күндүз көп өтпөй калса деле. Кечкисине – ифтарга жеке буйруктар келип иштеп жатам. Баштаган жумушум мага аябай жагат. Мен лицейде ачылган “Өз бизнесиңди түптө” борборунан көптөгөн сабактарды алып, анысы аз келгенсин ийгиликке өз күчү менен жеткен жаштардан сабак, кеңеш алып көп нерсени уйрөндүм. Оюмда, саткандарымды кирешесин топтоп, базардын дагы көптөгөн точка (сеть) кылып ачууну пландаймын” — дейт Майрамбек.
Майрамбекке ийгилик каалап, койгон максаттарына жетүүнү тилейбиз.
Бул иш чара – “Инсан-Лейлек” жана FSDS фонду менен биргеликте «Баткен областындагы миграцияга дуушар болгон калктын аярлуу топторундагы атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн социалдык инновация» долбоорунун алкагында ачылган @worldskills.kg кыймылын негизинде ишке ашырылып жатат.