Главная В помощь мигранту Миграция Россия Гулмайрам Джурабаевна “Мигранттардын Кесиптик Бирлигин“ аялдар канатынын координатору

Гулмайрам Джурабаевна “Мигранттардын Кесиптик Бирлигин“ аялдар канатынын координатору

Шамуратова Гулмайрам Джурабаевна 37 жашта, 10 жылдан бери Россия Федерациясынын Москва шаарында эмгектенип келет . “Мигранттардын Кесиптик Бирлигин“ аялдар канатынын координатору.

Шамуратова Гулмайрам Джурабаевна 37 жашта, 10 жылдан бери Россия Федерациясынын Москва шаарында эмгектенип келет . “Мигранттардын Кесиптик Бирлигин“ аялдар канатынын координатору.

“Менин атым Гулмайрам, 1984 жылкымын. Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-булак айылынан боломун. Исфана шаарындагы “Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын Лейлек филиалында” компьтерная инженерия факультетин бүтүрүп, ЗАО “Банк Компаньондо” иштегенмин. Кийинчирээк турмуш шартыма байланыштуу, Россияга келип иштеп калдым. Азыр Москвада үй-бүлөм менен турам, 3 кыз 1 уулум бар. Кыздарым Москва шаарындагы мектепте окушат. Кыргызстанга каникулда барып, эс алып келишет.

Бул жакта мен көп жумуш менен алектенемин. ЖКХда (жилищно-коммунальное хозяйство) работникмин. Ошондой эле “Пятерочка” гипермаркетинде өз автомобилим менен доставкасында иштеймин жана кемпир караймын.

Кыргызстандагылар Россияга барып иштеп келүүнү оңой көрүшөт. Эч кандай даярдык жок эле, же бир эле жылдай иштеп жаткан мигрант туугандарынын, тааныштарынын, досторунун сунушу менен тилди да билбей келип алышат. Ошол эле учурда мекендештерди эмгекке чакырган жарандарынын көпчүлүгү өзүлөрү Россияда  мыйзамсыз негизде эмгектенип жүрүшөт. Бул эң эле чоң ката деп эсептеймин.

Мен социалдык тармактарда Мигранттардын Кесиптик Бирлиги жөнүндө окуп, мен да мүчө болуп катталып, өз укуктарымды билип, капыстыктан алыс болойун деп, Москва шаарындагы координатору Разыкулов Акбар байке менен сүйлөшүп, мүчөлүк акыны төлөп, семинарларда чогу катышып жүрүп калдым.  Көп өтпөй менин активдүүлүмдү, жөндөмдүүлүгүмдү байкап, Акбар байке биздин активист – координатор болбойсуңбу деген сунуш берип калды. Мен үчүн өзүбүздүн мекендештерге жардам берген өзүнчө бир ырахат. Көп жылдар бою эмгектенип келген, айлык акысын ала албаган, өз укутарын билбеген мекендештердин айлык акысын алдырып алгандан кийин көзүндөгү сүйүнгөндүгүн, ыраазычылыгын көргөн мага түрткү берүүчу чоң мотивация. Азыр жолдошум да активист, жана Мигранттардын Кесиптик бирлигинин координатору болуп дайындалды.

Айтып кете турган дагы бир сөз – бул чындыгында Мигранттардын Кесиптик Бирлигинде иштешип көрүп жатам, Биз канчалык көп болсок, биздин позициябыз ошончолук бекем жана жумушчулардын укугун коргоо женил болот!”