Главная В помощь мигранту Миграция Россия Коопсуз миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча окутуу модулу Өзгөн районунда

Коопсуз миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча окутуу модулу Өзгөн районунда

Ош облусунун Өзгөн районунда коопсуз миграция жана адам сатууга каршы окутуу модулунун алкагында социалдык кызматкерлер, лицейлердин мугалимдери, социалдык педагогдор, жергиликтүү активисттер жана мекенине кайтып келген мигранттар үчүн тренинг өттү.

Тренинг катышуучулары кызыгуусун көргөзүштү, анткени учурда жаштардын көпчүлүгү жумушка барууну пландаштырып жатышат жана алар үчүн келген өлкөдө болуу жана алардын коопсуздугун эмгек укуктарын коргоо боюнча керектүү маалыматтарды алуу абдан маанилүү.

Катышуучулар «тыюу салынган» тизмелер, жумуш орундарын басмырлоо, социалдык жана саламаттыкты сактоо кызматтары жөнүндө суроолорду беришти.

Окууну аяктагандан кийин катышуучулар мектеп окуучулары үчүн, потенциалдуу мигранттар жана мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүүнү пландаштырууда.

Тренингдер “Солидарность” Борборунун колдоосу менен «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жатат.