Главная В помощь мигранту Консультация Эгерде сиз Россиянын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлган жарандардын тизмесинде турсаңыз, эмне кылуу керек?

Эгерде сиз Россиянын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлган жарандардын тизмесинде турсаңыз, эмне кылуу керек?

Өзүңүздү кара тизмеден чыгаруу үчүн төмөнкүлөрдү жасашыңыз керек:

Өзүңүздү кара тизмеден чыгаруу үчүн төмөнкүлөрдү жасашыңыз керек:

Арызды жана төмөнкү документтердин (эгер бар болсо) көчүрмөсүн тапшырасыз:

•      эгерде жакын туугандары (ата-энеси, жубайы же балдары) Россиянын жарандыгына ээ болсо (Россия Федерациясынын жарандары болгон ата-энесинин, жубайынын паспортунун көчүрмөсү, никеси жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү жана жакын туугандарынын туугандык мамилелерин тастыктаган башка документтери);

  • эгерде Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясынын ЖОЖдорунда окуп жатса (окуган жеринен алынган маалымкаттын көчүрмөсү же окугандыгын тастыктаган документтер);
  • эгерде жаран жөнгө салынган статуска ээ болсо (иштөөгө уруксаттын (патенттин), убактылуу же туруктуу жашоого уруксаттын көчүрмөсү);
  • эгер жаран жогорку квалификациялуу адис болсо (тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү, соттук даттануу);
  • эгерде Кыргыз Республикасынын жараны тез арада дарыланууга муктаж болсо (маалымкаттардын, медициналык корутундулардын жана жолдомолордун көчүрмөлөрү).

Документтерди төмөнкү даректерге тапшырыңыз:

  • КР Өкмөтүнүн Мамлекеттик миграция кызматына караштуу Маалыматтык-консультациялык борбору, Бишкек шаары, Токтогул көч., 237 (Жаш Гвардия проспектисинин кесилишинде);
  • түштүк региондо, Ош ш., Ленин көч., 277;
  • же документтерди PDF форматында otmgr2016@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүңүз.
,