Урматтуу мекендештер!
2021-жылдын март айынан баштап Россия Федерациясында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын ВЫДВОРЕНИЕ жана ДЕПОРТАЦИЯ күтүлүүдө!
Андыктан Россия аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Россиянын Президенти В.В. Путиндин 2020-жылдын 15-декабрындагы №791 «2020-жылдын 18-апрелиндеги №274 «Коронавирустук жаңы инфекциянын (COVID- 19) мындан ары жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар» жөнүндө Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык Россиянын аймагында өзүнүн укуктук абалын жөнгө салуу же Россиянын аймагынан чыгып кетүү үчүн 2021-жылдын 14-мартына чейин төмөнкү чараларды көрүү керек:
• ID-картаны жана чет өлкөлүк паспортту, эгерде алардын колдонуу мөөнөтү бүтсө, алмаштыруу;
• Россия Федерациясында жүрүү үчүн документтерди түзүү — убактылуу жашоого уруксат, жашап турууга уруксат, колдонуу мөөнөтү, каттоосу жөнүндө жазуусу бар миграциялык карта;
• зарыл болсо, эмгек жана эмгек келишимдерин узартуу;
• аткаруу бийлиги тарабынан салынган административдик укук бузуулар үчүн айыппулдарды төлөө;
• эгерде буга чейин административдик түрдө өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган болсо, Россиядан өз ыктыяры менен чыгып кетүү.
Кыргыз Республикасынын жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.