30 январьдан 4 февралга чейин Мигранттардын кесиптик бирлигинин мүчөлөрү жана «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун активистери үчүн Баткен облусунун Кадамжай районунда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда миграцияга чейинки окутуу жана кесиптик бирликти уюштуруу боюнча семинарлар өткөрүлдү.

100дөн ашуун катышуучулар Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамындагы өзгөрүүлөрдү, миграциялык каттоодогу көйгөйлөрдү, COVID-19 пандемиясына байланыштуу каттоону узартуу боюнча акыркы жарлыктарды жана эң негизгиси, эмгек укуктарын коргоо механизмдерин интерактивдүү түрдө талкуулашып үйрөтүлдү.

Бул иш чара «Солидарность» борборунун колдоосу менен уюштурулуп, Мигранттардын Кесиптик Бирлиги жана «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү.
