Мигранттардын кесиптик бирлигинин мүчөсү жана «Инсан-Лейлек» Коомдук Фондунун активисти Абдубаит уулу Толкунбек өткөн семинар жөнүндө маек куруп, семинардан алган таасирлери менен биз менен бөлүштү.
- Cтатья
- Баткен
- Без рубрики
- Биздин активисттер
- Важно знать
- ВПП ООН
- груз 200
- Женщины Меняющие мир
- Изилдөөлөр
- Ийгиликтер
- Инсан-Лейлек
- Исследования
- Истории мигрантов
- Кайрылман
- кейсы
- Консультация
- Коопсуз Миграция
- Маанилүү
- Миграция
- Мобилизация
- Мыктылар
- Новости
- Пайдалуу
- Памятка
- Работа
- Россия
- Тест
- Трудовое рабство
Эске сала кетсек, 30 январь 2021 жылы Мигранттардын кесиптик бирлигинин мүчөлөрү жана «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун активистери үчүн Ош облусунун Кара-Кулжа районунда миграцияга чейинки окутуу жана кесиптик бирликти уюштуруу боюнча семинар өткөрүлдү.

30дан ашуун катышуучулар Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамындагы өзгөрүүлөрдү, миграциялык каттоодогу көйгөйлөрдү, COVID-19 пандемиясына байланыштуу каттоону узартуу боюнча акыркы жарлыктарды жана эң негизгиси, эмгек укуктарын коргоо механизмдерин интерактивдүү түрдө талкуулашты.

Бул иш чара «Тилектештик Борборунун» колдоосу менен уюштурулуп, Мигранттардын Кесиптик Бирлиги жана «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө.
