20-21-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйындарында Орусияга жете албай жаткан мигранттардын маселеси көтөрүлдү. Талкууда айрым депутаттар Кыргызстанда жумушсуздук күч алганын белгилешип, мигранттар Орусияга оңой жетип алышы үчүн поезд каттамдарын калыбына келтирүү сунуш кылышты.
20-21-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйындарында Орусияга жете албай жаткан мигранттардын маселеси көтөрүлдү. Талкууда айрым депутаттар Кыргызстанда жумушсуздук күч алганын белгилешип, мигранттар Орусияга оңой жетип алышы үчүн поезд каттамдарын калыбына келтирүү сунуш кылышты.
Талас облусунун тургуну Мухтар Айбек уулу Орусияда кондитердик цехте иштеп үй-бүлөсүн багып жүрчү. Ал 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанга дарыланганы келген. Бир-эки айдан кийин кайра Москвага кетип калам деп ойлогон. Бирок учак билетинин баасы асмандап кеткендиктен жумушуна кайта албай отурат.
«Авиабилет 45 миң сом дешти. Ага кошулуп кайра өзүнчө «негиздеме» деген кагазы 12-13 миң сом экен. Кыргызстанда жумуш жок. Болсо да айлыгы аз. Азыр үй-бүлөмдү бага албай кыйналып жатам», — деди Айбек уулу.
20-январда Жогорку Кеңеш ички эмгек рыногун кошуна өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарынан коргоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулады. Аны талкуулоо учурунда депутат Акылбек Жапаров буга чейин Орусияда иштеп келген эмгек мигранттарын Москвага поезд менен болсо да жөнөтүүнү сунуш кылды. Ал мындай пикирин Кыргызстанда жумушсуздардын катары калыңдап, уурулук күчөгөнү менен байланыштырды:
«Москванын мэри Собянин бир топ жумуш орду бошоп, иштегенге киши жок болуп жатканын айтты. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поезд менен балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын — 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып… Жумушсуздук күчөп баратат».
Депутат бул маселени өкмөттүн алдына кабыргасынан койду. Бирок анын пикири коомчулукта түрдүү пикир жаратып, социалдык тармактарга кызуу талкууланган темага айланды.
Коронавирус пандемиясынан улам Орусияга кирип-чыгуу эрежелери татаалдашкан. Орусиянын чек аралары 2020-жылдын март айынан бери жабык. Аба каттамдарына да чектөө киргизилген. Учурда Бишкектен жана Оштон Москвага аптасына эки каттам жүргүзүлөт. Билеттин баасы авиакассаларда 30 миң сомдон 70 миң сомго чейин сатылууда.
Карантин шартында Кыргызстанда жүргүнчү ташыган темир жол каттамдары да жабылган. Транспорт жана жол министринин орун басары Талантбек Султабаев учурда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди:
«31-декабрдан баштап ички жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча каттамды жандандырдык. Ал эми чет өлкөлөргө каттамды жандандыруу маселеси Орусия менен Казакстандын өкмөттөрү менен чогуу чечилет. Темир жол каттамдарын жүргүзгөнгө биздин техникалык даярдыгыбыз жетиштүү. Бирок коронавируска байланыштуу бул үч өлкөнүн штабдары биргелешип чече турган маселе болуп турат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок каттамдар качан жанданары белгисиз».
Маалымат: https://www.azattyk.org сайтынан алынды