Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2016-жылдын 30-сентябрындагы№ 518 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кайрылман»
ПРОГРАММАСЫ
I. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кайрылман» программасы (мындан ары — Программа) «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүү процессин тартипке келтирүүгө багытталат.
Программа Кыргыз Республикасынын аймагына этностук кыргыздарды кабыл алуу жана легалдаштыруу шарттарын түзүү боюнча мамлекеттик миграциялык саясатты жүзөгө ашыруунун негизги чараларын аныктайт.
Этностук кыргыздар Кыргыз Республикасына көчүп келген соң, укуктук статусунун аныкталышына жана жарандыгын өзгөртүүгө байланышкан кыйынчылыктарга туш болушуп, мамлекеттик кепилдиктерди ала алышпайт: ишке орношууга, медициналык тейлөө ж.б. алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.
Программаны жүзөгө ашыруу этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүү процессин тартипке келтирүүнү, жөнөкөй каттоонун тартибин, жарандыкты алуунун жана документтештирүүнүн, ошондой эле алардын жергиликтүү коомдоштукка социалдык-экономикалык адаптациясы үчүн шарттарды түзүүнү болжолдойт.
Этностук кыргыздардын өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасына көчүп келүүлөрү эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында башталган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын жарандыгын 43 миңден ашуун этностук кыргыз алган.
Чет өлкөлөрдөн этностук кыргыздардын көчүп келүү процесси токтой элек жана көчүп келгендердин саны туруктуу түрдө көбөйүү тенденциясына ээ. Бирок көчүп келүү уюшулган түрдө болбой, көбүнчө чаржайыт мүнөзгө ээ. Көпчүлүк учурда этностук кыргыздар Кыргыз Республикасына мурдагы жарандыгынан чыгуу сыяктуу чечилбеген маселелер менен келишүүдө. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү жана каттоого туруу тартиптерин бузуу менен этностук кыргыздар түз эле республиканын аймагына келүүнүн белгиленген эрежелерин бузуп Кыргыз Республикасына келип жатышкан адамдардын категориясына айланышат. Ушунун кесепетинен көптөгөн этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын аймагында легалдуу статустары жок, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда жана жергиликтүү коомдоштукка интеграцияланууда кыйынчылыктарга дуушар болушат.
«Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2010-жылдын аягынан тартып миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайрылман статусу ыйгарылат жана кайрылман ырастамасы берилет. Кайрылман статусунун негизги маңызы этностук кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин убактылуу легалдуу статус берүү болуп саналат. Бул алардын каттоо жана эсебин алуу боюнча негизги милдеттерин чечүүгө жардам берет, ошондой эле ишке орношуу, билим алуу жана эркин жер которуу укугун, мектепке чейинки, мектептик, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим алуу, пенсия жана жөлөкпул төлөп берүү, медициналык зарыл жардам алуу, даректүү жардам берүү ж.б. укуктарын ишке ашырууну кепилдейт. Алсак, 2010-жылдан тартып 2016-жылдын август айына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына көчүп келишкен 11 миңге жакын этностук кыргыз кайрылман деп таанылган.
Этностук кыргыздар, кайрылмандар жөнөкөйлөшкөн тартипте жарандык алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ошону менен катар, аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан, башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Жөнөкөйлөшкөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үч айды түзөт.
2010-жылдан баштап 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин 24362 этностук кыргыз Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.
Программа кайрылмандарга мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн механизмдерин жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүнүн тартибин иштеп чыгууну карайт. Атап айтканда, кайрылмандар тарабынан мөөнөтүн узартуу бузулган учурларда кайрылман ырастамасынын колдонуу мөөнөтүн узартуу бөлүгүндө Кайрылман статусун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга документ тапшыруу тартибин өркүндөтүү жана тапшыруунун мөөнөтүн бузууларга жоопкерчиликти аныктоо мүмкүндүгүн кароо.
Кайрылмандарды жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу, иш менен камсыздоо жана этностук кыргыздарды социалдык жактан коргоо маселелери актуалдуу бойдон калууда. Программа Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарга социалдык кепилдиктерди камсыз кылган кайрылман статусун берүү менен алардын региондук жайгаштыруу, укуктук, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды карайт.
II. Программанын максаты жана милдеттери
Программанын максаты Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын жана кайрылмандардын жергиликтүү коомдоштукка социалдык-экономикалык интеграциялануусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Программанын негизги милдеттери:
— Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын жана кайрылмандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
— этностук кыргыздарды кабыл алууга жана алардын коомчулукка интеграциялануусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
— Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды жана кайрылмандарды социалдык-экономикалык жактан колдоого алуу;
— Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда тең укукта интеграциялоо максатында этностук кыргыздарды, кайрылмандарды окутууга жана кайра окутууга көмөктөшүү;
— калкты каттоо органдарынын кызматтарына жетүүсүн камсыз кылуу.
III. Программаны ишке ашыруунун мониторинги жана баалоосу
Программанын натыйжалуулугу миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дайыма мониторинг жүргүзүү аркылуу аныкталат. Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеш көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоону жүргүзөт. Акыркы жыйынтыктар миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишке тартылган министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалыматтарды күтүлүүчү жыйынтыктар жана Программаны ишке ашыруунун индикаторлору менен салыштыруусу аркылуу байкоого алынат.
IV. Программаны каржылоо
Программаны каржылоо, аны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү жылга карата бекитилген бюджеттеринин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
V. Күтүлүүчү жыйынтыктар
Программаны жүзөгө ашыруу төмөнкү жыйынтыктарды алууга жардам берет:
— этностук кыргыздардын иммиграциясынын чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өз убагында иштеп чыгууга жана кабыл алууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кепилдиктерди, кайрылман статусун өз убагында берүүгө;
— Кыргыз Республикасына көчүп келишкен этностук кыргыздардын жана кайрылмандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун сапатын жогорулатууга;
— Кыргыз Республикасына көчүп келишкен этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга;
— Кыргыз Республикасына көчүп келишкен этностук кыргыздардын жана кайрылмандардын арасында сабатсыздыкты кыскартууга;
— региондук деңгээлде ишке орноштуруу үчүн квалификациялуу адис кайрылмандарды кайра окутууга жана кайра даярдоого (иш менен камсыз кылууга);
— кайрылмандарга турак үйлөрүн куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда менчикке өткөрүп берүү менен жер участокторун акысыз мөөнөттүү пайдалануу үчүн берүүгө;
— Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын жана кайрылмандардын жергиликтүү коомдоштукка адаптациялануусуна жана интеграциялануусуна;
— Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды жана кайрылмандарды эсепке алуу системасын түзүүгө;
— коомдук чыр-чатактардын алдын алууга жана аларды болтурбоого;
— этностук кыргыздар, кайрылмандар менен иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыздоого;
— региондук мүмкүнчүлүктөрдү эске ачуу менен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча функцияларды натыйжалуу бөлүштүрүүгө.