Главная В помощь мигранту Миграция Россия ЭМГЕК МИГРАНТЫ ҮЧҮН КОЛДОНМО

ЭМГЕК МИГРАНТЫ ҮЧҮН КОЛДОНМО

Кыргызстандык ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР 

Россияда мыйзамдуу түрдө жашоо жана эмгектенүү үчүн эмне кылуу зарыл? 

1. Эсиңизде болсун,  Сиз Россия Федерациясына баруу алдында жумуш табуу жана ага орношуу боюнча кыйын маселелерге туш болоруңузду жана аларды чечүүгө  мүмкүнчүлүгүңүз жетишерлигин алдын-ала ойлонуу менен чечим кабыл алыңыз.   Ар бир мигрант сыртка чыгуу алдында чек арадан өтүү, миграциялык картаны толтуруу, миграциялык каттоого туруу, полиция менен мамиле кылуу, турак-жай алуу, жумуш издөө жана эмгек укуктарын коргоо сыяктуу маалыматтарга  ээ болуусу керек. 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында миграцияга даярдык көрүү үчүн мамлекеттик эмес уюмдарга кайрылганыңыз туура, мисалы  “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду.  Анткени,  Россия Федерациясында Сиздин укугуңуз бузулган учурда бул фонд Россиядагы Мамлекеттик Эмес Уюмдар менен биргеликте миграция маселелери боюнча укуктук кеңештерди берет. Мигранттарга берилген бардык кеңеш берүү жана юридикалык жардамдар кызматы акысыз жүргүзүлөт.    

3. Россия Федерациясынын чек арасынан өтүү учурунда Сизге миграциялык карточканы толтуруу үчүн берет. Миграциялык карточка эки А-Б бөлүктөн турат.  Б-бөлүгү Сизде калат. Аны эч качан жоготпоо зарыл.   Картаны толтуруу учурунда, Сиздин келген максатыңызды тиешелүү болгон графага “жумуш үчүн” же “окуу үчүн” дегенге так сызып көрсөтүшүңүз керек.   Россиядагы эмгек келишимдерин түзүүдө   жумушка орношуу тартибин жана мөөнөттөрүн так сактаңыз. 

4.Миграциялык каттоо. Мындан ары чет элдик жарандар миграциялык каттоого келген дареги боюнча-жашаган имаратына карап, тагыраак айтканда факты түрүндө жашаган жерине карап каттоого турат. 

5. Миграцияга каттоого турууну Россия Федерациясына кирген күндөн тартып, 30 күндүн ичинде жүргүзүү зарыл.  Бул акыркы мөөнөт, анын бүтүшүн күтүү кереги жок.   Каттоого турууну тездетүү керек, себеби Сиз кийин жетишпей калышыңыз мүмкүн-мындайда 1 күнгө кечиккениңиз үчүн Сизди 5 жылга депортация кылат. 

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги

6.  Эмгек укуктары. Эгер Сиз Россияга иштегени келген болсоңуз, укугуңузду жана милдеттериңизди билгениңиз дурус, анткени бул жумуш мезгилиндеги кез келүүчү ар түрдүү тобокелчилдиктердин алдын алат.  Жумуш берүүчү тараптан эмгек келишимин талап кылыңыз.    Эмгек келишими менен иштөө аркылуу Сиз эмгек өргүүсүнө чыгууга, эс алуу күндөрүнө жана ооруган күндөрүңүзгө төлөм алууга укуктуусуз.   Россия мыйзамдарына ылайык, чет элдик жарандар Россия жарандары сыяктуу эле эмгек укуктарына ээ боло алат!  Эгер  Сизге жумуш берүүчү тарап штраф салууга аракет жасаса, Эсиңизде болсун, Россиялык эмгек мыйзамдарына ылайык штрафтарды салууга тыюу салынган. 

7. Эгер Сизге эмгек келишиминде көрсөтүлбөгөн   эмгек милдеттериңизге кирбеген жумуштарды аткартса, ашыкча убакыт (жумасына 40 сааттан ашык) иштетсе,  зыяндуу жана кооптуу шарттарда иштетүүгө мажбурласа,  эмгек өргүүсүн бербесе, ооруган күндөргө төлөмдөрдү жүргүзбөсө, жумуш бүткөндөн соң жумуш ордунан чыгарбаса, Сизге орой мамиле жасаса жана күч колдонсо мындай учурларда Сизди эксплуатациялап жаткан болот.  

8.Эгер Сизди полиция кызматкери кармаса, каалаган учурда Сиз Москва шаарындагы юристке 8903 148 9636 телефон номери аркылуу аты-жөнүңүздү, жарандыгыңызды жана кайсы жерде турганыңызды  айтуу менен акысыз юридикалык жардам алуу үчүн кайрыла аласыз. Эч качан полиция кызматкерлерине акча сунуштабаңыз жана бербеңиз – бул кылмыш иши болуп эсептелет.     

9.  Россияга кетер алдында жашы жете элек балдардын ата-энеси мигрант  балдарын калтыра турган туугандарына официалдуу түрдө опекунствого каттатуусу керек.     Официалдуу опекунствого каттатуу аркылуу үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстандагы  опека жана камкордукка алуу органдарынын көзөмөлүндө болот.   Райондордогу социалдык өнүгүү башкармалыктары опекунство түзгөндө каттоо жүргүзөт жана мөөнөт-мөөнөтү менен үй-бүлөгө барып балдардан кабар алат.  

10.  Турак жайды ижарага алуу. Турак жайды ижарага алууда сак болуңуз.  Ижарага берүүчү менен жазуу жүзүндө жашай турган имаратты жана мүлктөрдү көрүү, туура мөөнөттөрдү коюу, бир айга карата так ижарасын чечип алуу менен келишим түзүңүз.  Ижара акысын бергендигиңиз тууралуу тил кат жаздырып алыңыз. Ижара берүүчүгө Сизди миграциялык каттоого алуусун сураңыз.   

11. Эгер  Сиз аңдууга, кол салууга же улуттук, диндик жана башка кемсинтүүлөргө туш болсоңуз — өз укугуңузду коргой билиңиз, ачык түрдө чыр-чатакка жол бербеңиз.  Конфликт чыр-чатакты чечүү жолдоруна караганда аны алдын-алуу жеңил. Ошондон улам, чыр-чатактар көп кездешчү түнкү клубтарга, ресторандарга, алкоголиктер, наркомандар жана жаштардын субмаданий өкүлчүлүктөрү чогулуучу жайларга барбаганыңыз туура. Сиз үй-бүлөңүзгө жардам берүү максатында эмгектенгени жана окуганы келгенсиз.  Ксенофобиядан жана зордук-зомбулуктан сактаныңыз.