Главная В помощь мигранту Истории мигрантов Жаш болгонуна карабай жетекчилик кылып келген Уулкан

Жаш болгонуна карабай жетекчилик кылып келген Уулкан

“Менин атым Уулкан, мен 23 жаштамын, Баткен облусунун Лейлек районунан боломун. Бишкек шаарында чоңоюп БГУ да 4 жыл окуп 2021 окууну аяктаган соң, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жумуш издеп, Москва шаарына келип иштеп баштагыныма 2 жылдын жүзү болду.

Жаш болгонуна карабай жетекчилик кылып көп адамдар менен иштешкен айым. Москва шаарына барып иштеп калганына болгону 2 жыл болду, бирок өзүнүн тырышчаагы, мээнети менен ийгиликке жетип азыр Ново-Переделкинодогу азык-түлүк «Дикси» супер маркетинде менеджердин орун басары болуп иштеп келген #ИйгиликтүүМигранттар аттуу рубрикасынын бүгүнкү каарманыбыз Уулкан айым.

“Менин атым Уулкан, мен 23 жаштамын, Баткен облусунун Лейлек районунан боломун. Бишкек шаарында чоңоюп БГУ да 4 жыл окуп 2021 окууну аяктаган соң, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жумуш издеп, Москва шаарына келип иштеп баштагыныма 2 жылдын жүзү болду.

Мигрант болгондон соң сөзсүз түрдө иштөө үчүн бул жакка келебиз. Мен үчүн бул шаарда жумуш табуу оор болгон жок, себеби орус тилин жакшы өздөштүргүндүктөн бат эле жумуш таап иштей баштадым. Эгер аракет кылып өз жумушунду так аткарсаң, жумуш жүрүшүндө көп кыйынчылык болбойт. Убагында келип, коюлган жумушту мыкты деңгээлге жеткирсең акырындык менен баардык тилек ой максаттар ишке ашат.

Россияда иштегендиктин артыкчылыгы жумуш орундарынын көптүгү. Байкаганым көп адамдар өзүнө чоң милдетти алуудан коркушат. Мен сыймыктанганым менин эркимдин күчтүүлүгү жана аракетим болсо керек. Анткени мен бат эле жумуш милдеттерин билип алып, тытынып, жоопкерчиликтүү да болуп карьералык жактан өсүп келе жатамын.

Россияда кыргыздар коп. Мекендештерибизге суктана турган жакшы жери бул ынтымактуулугуз жана бири бирибизди колдогонубуз. Кичүүлөр улууларды урматтап, сыйлап, өз жардамдарын бири-биринен аяшпайт.
Өйдө айтып кеткендей мен бул шаарга шартка байланыштуу эле келип калдым, жакшы иштеп жатам, бирок мекен жеримди сагынам.

Келечекте Кыргызстанга кайтып, оз кесибим менен иштеп, ошондой эле бул жактан алган жакшы тажрыйба менен бөлүшүп Кыргызстанды өнүктүргүм келет.

Азыркы эми Россияга иштөөгө келе жаткан мигранттарга айтат элем «Ооба, келгиле, 4-5 жыл иштеп, жакшы тажрыйба алып, акча топтоп алгыла, анткени кыялдар орундалат деп ишенем, бирок ушул үйрөнгөн нерсебизди кайра өз мекенибизге алып барып, болушунча мекендин өнүгүшүнө салым кошууга чакырат элем.”