Россияда чет элдик жаран паспортун жоготуп алганын өз учурунда билдирбесе депортация болот, бирок учурда аны жеңил жазага — айып пулга алмаштыруу каралууда.
Россияда чет элдик жаран паспортун жоготуп алганын өз учурунда билдирбесе депортация болот, бирок учурда аны жеңил жазага — айып пулга алмаштыруу каралууда.
Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын сүйлөшүүсүндө белгилүү болгон.
Акыйкатчынын маалымат кызматынан алар эки мамлекеттин эки өлкөдө жүргөн мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча макулдашканын кабарлады.
Москалькова кыргызстандык мигранттардын Россияда жүрүү шарттарын жеңилдетүү боюнча мыйзамдык деңгээлде чаралар көрүлүп жатканын белгилеген.
Анын айтымына караганда, кыргызстандыктардын Россиядан чыгарылып калганы боюнча арыздар көп түшүп жатат.
Кээ бир кыргызстандыктарга РФтин аймагында калышы үчүн көмөк көрсөтүшкөн. Себеби үй-бөлөсү да ошол жакта отурукташкан.