Достор, биз #ИйгиликтүүМигранттар рубрикасын жаңыртып, Москва шаарында жашаган, футбол боюнча KG-ЛИГАнын вице президенти Исаев Канатбек менен маек курдук.
Достор, биз #ИйгиликтүүМигранттар рубрикасын жаңыртып, Москва шаарында жашаган, футбол боюнча KG-ЛИГАнын вице президенти Исаев Канатбек менен маек курдук.
Канат мырза, өзүңуз жөнүндө жана Россияга кантип келип калганыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
К.: Мен 1988 жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөнмүн. Россиянын Пермь шаарына 2006 жылы келгенмин. Келишиме үй-бүлөдөгү жетишпестик себеп болгон десем болот.
Мигрант көрө турган кыйынчылыктын баарын көргөнмүн десем жаңылышпаймын.
Москва шаарында чынында айлык маяна жогору. Ошол жактан эле артыкчылыгы болбосо Кыргызстанга эмне жетсин.
Мекендештер арасында биз мигрант болуп чет жерде жүрсөк да Кыргызстандыкмын деп жакшы жактарыбызды көрсөткөнү аракет кылабыз.



Азыркы учурда эмне менен алексиз?
К.: Азыр спорт тармагы аркылуу Москвада жакшы жана ийгиликтүү иштерди жасап жатабыз. Футбол боюнча KG-Лигада вице президентмин, биздин лигада 80дей айыл, район, шаардан куралган командалар ойношот.
Волейбол боюнча ОВЛ/АВЛ Ачык Волейбол Лигабызда 30дай мырзалардан, 10ой айымдарыбыздан турган команда ойноп келет. Биздин спортчуларыбыз жумуштан бошоп эс алуу күндөрү спорт менен өткөргөнүнө сүйүнөсүң.
Россияда мекендештерибиздин ынтымагы кандай?
К.: Москвадагы Кыргыздардын ынтымагы жакшы, биз тамаша иретинде Москваны Кыргызстандын сегизинчи облусу деп атап алганбыз. Карантинде кыргыздардай бири бирине жардам берген улут болбоду окшойт (акчалай түрдө, тамак аш, дары дармектер менен).
Келечекте Кыргызстанга кайтуу пландарыңыз барбы?
Албетте Кыргызстанга кайтамын деген ойлорум бар. Үй-бүлөмдүн Кыргызстанда жашашын каалаймын. Балдардын кыргыз тили, маданиятыбыз менен тарбия алганы жакшы.
Россияга жаңы барган мигранттарга кандай кеңеш берет элеңиз?
Россияга мигрант болуп келген жаштарга кеңешим, азыр жаңылыктардан жана бул жактан угуп жатабыз оңой акча табамын деп камалып калган мекендештер көп болууда, ошону үчүн кооптуу же шектүү нерселерден оолак болууга чакырат элем.