Бүгүнкү күндө Баткен облусуна 3 жүк ташуучу унаа (2 чоң жана бир «кыска») жөнөп, 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Бүгүнкү күндө Баткен облусуна 3 жүк ташуучу унаа (2 чоң жана бир «кыска») жөнөп, 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Гуманитардык жардам кайдыгер карабаган жарандар тарабынан чогултулган. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.
Эске салсак, кечээ 3 жүк ташуучу унаа кетип, Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук администрациялардын резервдик фондунун эсебинен чогулган 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.
Ошол эле күнү алардын артынан 2 жүк ташуучу унаа, борбор калаанын тургундарынан 40 тонна гуманитардык жардам кеткен.
Жыйынтыгында Баткен облусуна 8 жүк ташуучу унаа — 160 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүлдү.