Главная В помощь мигранту Новости Мигранттардын эмгек укуктары менен эмгек мамилелеририн корголушундагы Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин ролу жана орду

Мигранттардын эмгек укуктары менен эмгек мамилелеририн корголушундагы Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин ролу жана орду

Россия Федерациясынын Москва шаарында “Инсан-Лейлек” коомдук фонду жана мигранттардын профсоюзу тарабынан уюштурулган “Мигранттардын эмгек укуктары менен эмгек мамилелеринин корголушундагы Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин ролу жана орду” деген темада конференция өттү.

Россия Федерациясынын Москва шаарында “Инсан-Лейлек” коомдук фонду жана мигранттардын профсоюзу тарабынан уюштурулган “Мигранттардын эмгек укуктары менен эмгек мамилелеринин корголушундагы Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин ролу жана орду” деген темада конференция өттү.

✅ Конференцияга Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлү Жаркынай Галиева, Екатеринбург шаарындагы экс-консул жана Кыргыз Биримдиги диаспорасынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Турдали Орозбаев, Москва шаарындагы диаспоралык уюмдардын жетекчилери, мигранттардын профсоюзунун борбордук комитети жана Россия Федерациясындагы баштапкы жана аймактык ячейкалардын өкүлдөрү катышышты.

🔹Конференцияда катышуучуларга «Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин» 4 жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле түзүү, ишти баштоо, активисттерди жана волонтерлорду издөө, аймактык ячейкаларды түзүү, команданы өнүктүрүү жана мигранттар үчүн юридикалык кызматты ишке киргизүү идеясы жөнүндө талкууланды.

❗️Мигранттардын кесиптик бирлигинин юристтери мигранттарга юридикалык кеп-кеңеш жана колдоо көрсөтүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып беришти. Булар эмгек акыны төлөө боюнча соттук териштирүүлөр, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр, жамааттык келишимдерди түзүү жана профсоюздарды уюштуруу.

«Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин» иштегенден бери 26 миллион рублдан ашык эмгек акы төлөө боюнча иштер утуп алынган. Учурда профсоюздун мүчөлөрүнүн саны 12 өлкөдөн 7 миңге жакын адамды түзөт. Юристтер менен ишеним телефондорунун операторлоруна мигранттардан 100 миңден ашык кайрылуу түшкөн.

📲Биринчиден, эмгек акыны төлөбөй коюу, мыйзамсыз иштен бошотуу, эмгек акыны кечиктирүү жана негизсиз айып салуу боюнча кайрылуулар. Профсоюз өз ишинде платформа экономикасында иштеген мигранттарды жана мигрант аялдарды колдоого өзгөчө басым жасайт.

❗️Конференциянын соңунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, консулдук мекемелер жана республикадагы диаспора уюмдары менен өнөктөштүктү күчөтүү аркылуу Профсоюздун ишин мындан ары өнүктүрүү жана анын мүчөлөрүнүн санын көбөйтүү чечими кабыл алынды.

, , ,