Главная В помощь мигранту Миграция Россия Россиядан Кыргызстанга Жүк 200 бекер ташылып турат

Россиядан Кыргызстанга Жүк 200 бекер ташылып турат

Ошол эле учурда, «Жүк 200»дү ташуу аларды жөнөтүүчү кызмат көрсөтүүчүгө өз алдынча төлөө зарыл болгон перрондук жана аэропорттук жыйымдарды камтыбайт.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги 2022-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен россиялык «Урал авиалиниясы» авиакомпаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Жүк-200»дү төмөнкү багыттар боюнча бекер ташуу боюнча макулдашууга жетишилгенин маалымдайт:


🔸“Челябинск-Ош”;
🔸 “Уфа-Ош”;
🔸“Минеральные воды-Ош”;
🔸“Нижневартовск-Ош”;
🔸“Казань-Ош”;
🔸 “Самара-Ош”;
🔸“Сочи-Ош”;
🔸“Самара-Бишкек”;
🔸“Сочи-Бишкек”.


Ошол эле учурда, «Жүк 200»дү ташуу аларды жөнөтүүчү кызмат көрсөтүүчүгө өз алдынча төлөө зарыл болгон перрондук жана аэропорттук жыйымдарды камтыбайт.