Июнь айынын башында Кыргызстандан Орусияга эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддердин кыймылы жанданды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, кыймыл төмөнкү багыттар боюнча улантылат:
⚪Бишкек — Самара: 8-июндан баштап Бишкектен жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү учат.
⚪Бишкек — Казань: 6-июндан баштап, Бишкектен дүйшөмбү күндөрү, жумасына бир жолу.
⚪Бишкек — Новосибирск: 9-июндан баштап, Бишкектен учуу, сегиз күндө бир жолу.
📌Ошол эле учурда бул поезддердин билеттери сатыла элек. «Кыргыз темир жолу» билеттерди сатуунун башталышы тууралуу кошумча маалымат берүүнү убада кылууда.