Главная В помощь мигранту Без рубрики Сыймыктандырган мигрант — Бибичач

Сыймыктандырган мигрант — Бибичач

Россиядагы биздин ийгиликтүү, сыймыктандырган Суюнова Бибичач

Мен Суюнова Бибичач, 40 жаштамын. 13 жылдан бери Москва шаарында эмгектенип келем.

2009 жылы бир тууган иним бул жакта иштеп, мени чакыргандыктан Москвага келгенмин. Анткени баары эле билгендей Кыргызстанда жумуш жок, же тапсаң дагы иштеген жана кетирген эмгегиң бааланбай төлөп берген акчасы аз. Албетте мен өзүмдүн келечегимди кең көрүп, балдарыма жакшы келечек тартуулоо үчүн жакшы жумушка иштегени, жакшы маянаны каалап Москвадагы жумушту тандап, бул жака келдим.

Мага жакшы мүмкүнчүлүк келип, бир мектептеги ашканасына повар керектелип, ишке кирип иштеп келе жатам. Кудайга шүгүр төлөп берген акчасы жетиштүү, коллективим жакшы жана ошондой эле 13 жылдан бери көптөгөн дос, тааныштарды Москвадан таптым.🏐Москвада бош убактымды текке кетирбей, өзүмө жаккан спорт менен машыгам. Бул воллейбол. Спортту аябай жакшы көрөм, өзүңуздөр да сүрөттөн байкасаңыздар керек. Көптөгөн мекендештер арасында турнирлерге катышам. Лейлек аялдар коомунун тарабынан спорт комитетинин лидери болуп шайланып, 2 жылдан бери Лейлек волейбол кыздар командасын жетектеп келем!

Спортсменка кыздарым көптөгөн жетишкендиктерди, ийгиликтерди багындырып жүрөт.

Азыркы Россиядагы абал кичине оорураак, кээ бир мекендештер чынында кыйналып жатышат. Менин жумушум эмгек келишим менен түзүлгөн, бүт документерим так болгондуктан, туруктуу жумушум бар болгондуктан мага таасирин тийгизбей эле.

Бирок албетте Россияда, өз жериң, өз мекенин болбогондуктан өзүңдү коопсуз сезүү кыйын. 🥹Азыр менин жалгыз балам Кыргызстанда окуйт, менин жанымда болуп, чогу туруп чоңойсо деймин, бирок шартка байланыштуу азырынча Кыргызстанда болуусу маанилүү. Сөзсүз патриот болуп, өз мекенинде эмгек кылып жакшы үй-бүлө куруп кетсе деп тилеймин.

Мен дагы өмүр бою Москвада болбой, мекениме кайтып жашагым келет. Андай болбойт, ал жакта дайыма иш жок жана акчасы аз дебеймин, анткени мен Кыргызстандын келечегине ишенем.

Жаңы Россияга барып иштеймин, кыйын акча табамын дегендерге айтат элем “Силер ойлогондой баары оңой эмес!” Бул башка өлкө, өз жүрүм турум эрежели, закону, эмгек шарттары бар. Ошолорду билип, тилин билип, маданиятын билип кадимки эсе даярданып келүү зарыл.

, , , , ,