Кыргызстанда 120 жеке ишке орноштуруу агенттиги дүйнөнүн 21 өлкөсүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
☑️ Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга уруксат ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет.


➡️ Жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө мониторинг Социалдык эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору @info.migrant.kg тарабынан жүргүзүлөт.
☝️Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ошондой эле Кыргызстандын жарандарына тышкы миграция жана өлкөдөн тышкары, тактап айтканда Россия, Улуу Британия жана Түштүк Кореяда ишке орношуу маселелери боюнча түз жардам көрсөтөт. ФРГ, Япония, Финляндия жана башка бир катар елкелер менен келишимдерди иштеп чыгуу стадиясында. Башка өлкөлөрдө жеке структуралар жумуш менен алектенет.
💬 Кыргызстандыктар борбордон төмөнкү маалыматтарды ала алышат:🔹кабыл алуучу өлкө жөнүндө,🔹жергиликтүү мыйзамдар,🔹 эмгек келишимдери боюнча кеңешүү,🔹 иш берүүчү өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы,🔹 миграциялык каттоо,🔹 Кыргызстанга кайтуу сертификатын алуу.


☎️ Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда 1899 ишеним телефону жана www.migrant.kg расмий сайты иштейт, анда ишке орноштуруу жана адам сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча маалымат берилет.


Маалымат: https://economist.kg сайтынан алынды.

от Admin

5 комментариев к «Кыргызстандыктарды мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу дүйнөнүн 21 өлкөсүндө мүмкүн»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.