Главная В помощь мигранту Без рубрики Айлык акыбызды сурасак эле жумуштан кетирип салды

Айлык акыбызды сурасак эле жумуштан кетирип салды

Март айында “Мигранттардын Кесиптик Бирлигине” Миргуль аттуу айым биздин юристтен жолдошу экөө иштеген дүкөндөн айлык акысын алып берүүсүн суранды.

Мигранттардын Кесиптик Бирлигине Миргуль айым юристтен жолдошу экөө иштеген дүкөндөн айлык акысын алып берүүсүн суранып кайрылып калды..

Окуянын башынан баштаганда Миргуль жолдошу экөө Москва шаарындагы Римского-Корсакова 20 көчөсүндө жайгашкан “Перекресток” аттуу дүкөндө иштечү.

“Биз, жолдошум экөөбүз Москва шаарына 2021 жылдын октябрь айында келдик, 3 кыздарымды кайнагамдын үйүнө калтырдык. Келген эле күндөрү газетадан “Перекресток”магазинине сатуучу уборщица жана грузчик керек деген жарыяны көрүп экөөбүз барып иштесек болчудай экен деп, барып бат эле жумушка орношуп калдык. Бирок эмгек келишимин 3 айдан кийин гана түзөбүз, ага чейин мен силерди кандай иштейт экениңерди көрүшүм керек деп талап койду. Биз жолдошум экообуз макул болуп, бир айын иштеп, жолдошум көп күндөрү түнкү сменада да иштеп айдын аягында 81500 рубль айлык акыбызды алдык. Кийинки айынын бир күнү жаңы товарлар поступление болгондо мен жолдошумдан тышкары башка балдар дагы бир күнгө жалданып келишип иштешкен. Ошол күнү дүкөндүн 4-5 тележкасы жоголуп дүкөндүн ээси сен уурдап алдың деп жолдошумду күнөөлөп, аялың менен кошо жок болгула деп полиция чакырып бизди тапшырып салды. Полиция участогуна барып документтерди көргөзүп, жана күнөлүү эмес экенибизди түшүндүрүп бердик. Камерадан көрүп менин жолдошум корзина алып кетпегендигин көрушүп бошотушту. Ал эже кечирим сурап, мен билбептирмин деп иштегениңерди уланта бергиле деди.

Кийинки айдын ортолорунда жаңы жумушчу аял келип, дүкөндүн ээси “сенин жаныңда болот, баарын үйрөтүп көрсөт” деди. Жарым айдай чогу жүрүп иштеп, баарын үйрөткөм. Кийинки айда болсо айлык акы берчү күндөр да келип, жолдошум экообүз айлык акыбызды бересизби деп келсек, кайрадан бизге кыйкырып жоголгула, мен силерди “увольняю” иштей албайт экенсиңер, тележканы да силер уурдагансыңар деп кетирип салды. Айлык акыбызды бербейсиңерби деген суроого “жумуштан кеткендердики эмки айда берилет” деп, кийинки ай кайра күткүлө деп 3 айдай акчабызды бербей жүрөт. Ошол эле кезде биз иштеп жашап турганыбызга көптөгөн карыз сурап, же аны төгө албай же кыздарыма акча жөнөтө албай журдум. Кайнагам “Же бул жерде жоксуң, же акчага жоксуң” алып кет кыздарыңды акча жөнөтпөсөң карамак белебиз ,өзүн кара деп чакырып кыйнап жаткан. Ошондо ага чейин биз унчукпай жүрсөк бизди иштете берип, ал эми айлык акыбызды сурасак эле жумуштан кетирип салды” Деп Миргүль кайрылуусунун чоо жайын айтып берди.

Биздин Москвадагы юрист  Миргуль айымдын жана анын жолдошунун маселесин чечип, “Перекресток” дүкөнүнүн ээси менен байланышып, бул учурда эмгек мигранттарынын себепсиз жумуштан алуу жана айлык акынын себепсиз кармоосун түшүндүрүп 25 март 60 000 рубль январь айынын 2022 жылынын айлык акысын толук түрдө которуп бүтүрдү.

, , , , ,