16-марттан тартып Москванын эң чоң аэропорту — “Шереметьеводо” кызматкерлердин 40% кыскартылганы кабарланды. Көп өтпөй жумушчулардын 20% гана иши убактылуу токтотулганы айтылды.

Дүйшөмбүдө орусиялык басылмалар “Шереметьево” аэропортунун башкы директору Михаил Василенко кызматкерлерди 40% чейин убактылуу кыскартуу жөнүндө буйрук чыгарганын маалымдашты. Бирок ал мөөнөт канчага созулары айтылган эмес. Кийинчерээк “Шереметьевонун” администрациясы убактылуу ишин токтоткондор 40% эмес, 20% экенин билдирди.

Алардын жумуш орду сакталып турганы, айлыгынын үчтөн экиси төлөнөрү айтылды.

Кыргызстандык мигранттардын жоон тобу дал ушул «Шереметьево» аба майданындагы ар кыл тейлөө кызматтарында, анын ичинде ресторан, кафелерде эмгектенет. Аэропорттогу чоң ресторандардын биринин ашпозчусу Таалайгүл аба каттамдарынын аздыгынан улам жумуш кыскарып, жетекчилик так маалымат бере электигин «Азаттыкка» билдирди:

«Өткөн аптада жумуш жоктугуна байланыштуу үйдө алты күн отурдум. Ресторан иштегени менен кардар жок болуп жатты. Негизинен бир кезметте төрт ашпозчу иштесек, эми бир эле кишини коюп калышты. Бир күн иштеп 4-5 күн эс алууга туура келүүдө. Азырынча ушундай режимде иштеп жатабыз. Жанымда иштегендер кошумча жумуш издей баштады. Жетекчилик деле так эч нерсе айта элек».

Тоокен Эркинов да «Шереметьеводо» ашпозчу болуп иштейт. Акыркы кырдаалга байланыштуу аны менен иштегендердин дээрлик көпчүлүгү жумушсуз калганын айтып берди:

«Каттамдар азайып, ресторанда кардарлар жок. Мурун күнүнө 13 ашпозчу иштечүбүз, азыр төртөөбүз иштеп атабыз. Калгандары үйүндө. Жетекчилик эч кандай чечкиндүү жооп бере албай атат, эмне болорун алар өздөрү деле билбейт. Ресторанда иштегендердин 75% жумушу жок калды. Анын ичинде жалаң ашпозчу эмес, жер тазалаган, идиш жууган эжелер, официанттар да бар. Айлыкты толук алабызбы деп сарсанаа болуп отурабыз. Азыр күнүмдүк жумуштарга чыгып аткан адамдарга да айлык жөндөп берилбей жатат. Жумуш жок болсо Кыргызстанга кетебиз», — деди ал.

Ушул эле аэропортто ички каттамдарды тейлеген терминалда сатуучу болуп иштеген Элмиранын жумушунда кыскартуу тууралуу сөз боло элек.

«Биздин дүкөн кадимкидей эле иштеп атат. Жумуш бар. Каттамдар азайгандыктан, кардарлар да азайды. Бирок жетекчиликтен кыскартуу жөнүндө сөз уга элекпиз».

Орусиянын эң чоң аэропорту — “Шереметьевонун» 2020-жылындагы отчетуна ылайык, ишканада 18 159 жумуш орду болгон. Анын 1780и административдик кызматкерлер болсо, 16 380и тейлөө тармагында иштейт.

24-февралда орус аскерлери Украинага басып киргенден тартып ондогон өлкө Орусия менен аба каттамын токтоткон, ал эми Европа Биримдиги орусиялык учактарга аба мейкиндигин жапкан болчу. Мындан улам “Шереметьево” аэропортунда жүргүнчүлөрдүн агымы жети эсе кыскарып, ушул тапта чет өлкөлөргө күнүнө эң көп дегенде 15 учак чыгууда.

Муну менен катар Орусияга бир катар өлкөлөр катаал каржылык санкцияларды да салды. Мындан улам айрым чет элдик компаниялар Орусиядагы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болду.

от Admin

7 комментариев к ««Шереметьеводо» айрым мигранттардын иши токтоду»
  1. The next time I read a blog, Hopefully it does not fail me just as much as this particular one. I mean, Yes, it was my choice to read through, but I truly believed youd have something helpful to talk about. All I hear is a bunch of moaning about something you could possibly fix if you werent too busy seeking attention.

  2. I don’t need to tell you how important it is to optimize every step in your SEO pipeline. But unfortunately, it’s nearly impossible to cut out time or money when it comes to getting good content. At least that’s what I thought until I came across Article Forge… Built by a team of AI researchers from MIT, Carnegie Mellon, Harvard, Article Forge is an artificial intelligence (AI) powered content writer that uses deep learning models to write entire articles about any topic in less than 60 seconds. Their team trained AI models on millions of articles to teach Article Forge how to draw connections between topics so that each article it writes is relevant, interesting and useful. All their hard work means you just enter a few keywords and Article Forge will write a complete article from scratch making sure every thought flows naturally into the next, resulting in readable, high quality, and unique content. Put simply, this is a secret weapon for anyone who needs content. I get how impossible that sounds so you need to see how Article Forge writes a complete article in less than 60 seconds! order here.

  3. I was pretty pleased to discover this great site. I need to to thank you for your time for this particularly fantastic read!! I definitely appreciated every part of it and I have you book marked to see new stuff on your blog

  4. I was extremely pleased to discover this page. I want to to thank you for ones time due to this wonderful read!! I definitely appreciated every part of it and I have you bookmarked to look at new information on your web site.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.