Россиялык авиакомпаниянын Кыргызстанга болгон 10 каттамы белгисиз мөөнөткө токтоду.
Россиялык авиакомпаниянын Кыргызстанга болгон 10 каттамы белгисиз мөөнөткө токтоду. Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланды.
Анда учурдагы кырдаалга байланыштуу S7 Airlines авиакомпаниясынын 30-апрелге чейин 20дан ашуун өлкөлөргө болгон каттамдары токтогону айтылат. Анын ичинде Кыргызстан да бар.
«Учурдагы кырдаалга байланыштуу S7 Airlines 5-марттан баштап эл аралык каттамдарды токтотууга мажбур. Кайра жандантуу күнү азырынча тактала элек. Ал үчүн биздин сайттагы маалыматтарга көз салып туруңуздар», — деп айтылат билдирүүдө.
Токтотулган каттамдардын тизмеси:
Новосибирск — Ош — Новосибирск, S7 5545 / S7 5546;
Владивосток — Ош — Владивосток, S7 6251 / S7 6252;
Москва — Ош — Москва, S7 3259 / S7 3260 и S7 3261 / S7 3262;
Волгоград — Ош — Волгоград, S7 6419 / S7 6420;
Красноярск — Ош — Красноярск, S7 6407 / S7 6408;
Нижний Новгород — Ош — Нижний Новгород, S7 6457 / S7 6458;
Новосибирск — Бишкек — Новосибирск, S7 5541 / S7 5542;
Иркутск — Бишкек — Иркутск, S7 6347 / S7 6348;
Москва — Ысык-Көл — Москва, S7 3257 / S7 3258;
Новосибирск — Ысык-Көл — Новосибирск, S7 5549 / S7 5550:
Ошондой эле токтотулган эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү билеттин баасын толугу менен кайтарып же башка даталардагы каттамдарга алмаштырса боло турганы айтылган.