Мен ушул долбоорго катышып көп нерсени үйрөндүм, үйдөгү тиричиликтен сырт тигүүчүлүк аркылуу 20 миң сомго чейин кошумча киреше ала баштадым. Бул менин үй-бүлөмө чоң салым, башка бирөөнүн артында иштебей, өз бизнесимди өркүндөтүп иштеген менин кыялым болчу.
📌Мадалиева Айгул Четбулак айылынын тургуну. 42 жаштагы жалгыз бой эне, 3 баланы тарбиялайт. Кесиби боюнча мугалим, бирок турмуштун кыйынчылыгынан, айлык акынын аздыгынан Россия өлкөсүндө эмгек мигранты болуп да иштеп келген.
📌2020 жылы пандемия мезгилинде Баткен шаарындагы № 57 Кесиптик Техникалык лицейинде түзүлгөн «Кесиптик өрнөктөрдү үйрөнүү» борборунун «Бизнес пландоо», «Финансылык сабаттуулук» окутууларына активдүү катышып, өз бизнесин жүргүзүүгө арекетин баштап азыркы учурда үй шартында тигүүчүлүк менен алектенет.
🌷«Мен ушул долбоорго катышып көп нерсени үйрөндүм, үйдөгү тиричиликтен сырт тигүүчүлүк аркылуу 20 миң сомго чейин кошумча киреше ала баштадым. Бул менин үй-бүлөмө чоң салым, башка бирөөнүн артында иштебей, өз бизнесимди өркүндөтүп иштеген менин кыялым болчу. Ал эми мен финансылык сабаттуулук, жана үй шартында бизнес түптөөнүн негиздерин үйрөнгөн борборун Баткен элине, жаштарына эң керектүү, пайдалуу борбор деп эсептеймин. Баарын үйрөнүп, жашоо шартыңызды оңдоп жакшы жашоого умтулууңуздарды суранам, жана борборго ыраазычылык билдирем» — дейт Айгул эже
📍Андан сырткары Айгул эже «Кыргызстан жана Таджикистан калктарынын аярлуу топторунун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоору алкагында ɵткɵрγлгɵн тажрыйба алмашуу, ар кандай кесиптердин ээлери менен жолугушуу, ийгиликтуу ишкерлер менен баарлашуу аттуу иш чараларга катышып келет.
