Главная В помощь мигранту Коопсуз Миграция Россиянын иш берүүчүлөрү Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруудан баш тартса билдирүүнү суранууда

Россиянын иш берүүчүлөрү Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруудан баш тартса билдирүүнү суранууда

Россиянын иш берүүчүлөрүнүн Кыргызстандын жарандарын Россиянын бул үч облусунда ишке орноштуруудан баш тартуу фактылары болгон учурда билдирүүнү суранууда

Россия Федерациясынын үч субъектисинде (Тюмень облусу, Калуга облусу, Ханты-Мансийск автономиялык округу) чет өлкөлүк эмгек мигранттарын соода, коомдук транспорт, коомдук тамактануу тармагында иштөөгө тартууга тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу маалыматка байланыштуу, Элчилик төмөнкүнү билдирет.
Жогорудагы чектөөлөр Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

☑️ ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин 97-беренесинин 2-пунктуна ылайык, «Мүчө -мамлекеттер улуттук эмгек рыногун коргоо максатында, ушул Келишимде белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, өз мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү орнотпойт жана колдонбойт».

❗Россиянын иш берүүчүлөрүнүн Кыргызстандын жарандарын Россиянын бул үч облусунда ишке орноштуруудан баш тартуу фактылары болгон учурда, аракеттерди көрүү үчүн Элчиликтин
👉 kgembassy.ru@mfa.gov.kg электрондук дарегине жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүнү суранат.

,